"Бишкек, дем ал" - Elite House'тан жашылдандыруу!

Elite House курулуш компаниясы социалдык багыттагы бизнести жүргүзүп, коомдун көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз демилгелеп келет. Компания өлкөдөгү курулуш тармагында лидерлердин бири болуп, шаардын өнүгүшүнө салым кошууну да унутпайт. Өткөн дем алыш күндөрү Elite House "Бишкек, дем ал" аттуу көрктөндүрүү боюнча эко-акцияны баштады.

"Жыл сайын абанын булганышы күчөп, коомду кайдыгер калтырбай жатат. Шаарды активдүү жашылдандыруу жана жаңы сейил бактарын куруу бул маселени чечүүгө өбөлгө болот. Биз кооз жана таза шаарды келечек муунга өткөрүп беришибиз керек”, - деди Elite House компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов.

Жашылдандыруу үчүн Бишкек шаарынын "Адинай" сейил багы ("Ден соолук" паркы) тандалып алынган. Бак отургузуу иш-чарасына Elite House компаниясынын кызматкерлеринен тышкары, компаниянын кардарлары, Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлдөрү жана камкор ыктыярчылар катышты. Өз кезегинде "Шаардык сейил бак" муниципалдык ишканасынын директору Умуралиева Калича Кусейновна белгилегендей, шаар жана шаардыктар үчүн Elite House курулуш компаниясынын салымы чоң. Ал кайдыгер эмес жарандарды айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөргө көңүл бурууга жана кооз болгон Бишкек шаарыбызды жашылдандырууга активдүү катышууга чакырды. Анткени ар бир отургузулган бак көп жылдар бою таза абанын деми болуп саналат.

Elite House курулуш компаниясы жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, экологиябызды жакшыртууга өз салымын кошкон "Бишкек, дем ал" эко-акциясынын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирет.

Elite House – жайлуу жана жашыл Бишкек үчүн!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан