Ичинде 70 миң сом акчасы болгон. Чүйдө унаа уурдоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 48 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда 12-март күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында Сокулук районунун көчөлөрүнүн биринен арыз ээсинин Тайота Хайландер үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Унаада арыз ээсинин керектүү документтери жана 70 миң сом акчасы болгону да маалым болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн 23 жаштагы жаран кармалып, уурдалган унаа табылган. Шектүү бала убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-04-13 20:03:18
Баланын машинага вкусу жакшы экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан