Чүйдүн Александровка айылында 4 унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 13-апрель күнү саат 14:30 чамасында болгон.
Анда Ford Transit, Mercedes, Хонда Степвагон жана Лексус унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Ford Transit унаасынан 2 адам жабыркаган. Учурда жеринде кызматкерлер иштеп, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат деп билдирет басма сөз кызматынан.