Каракол шаарында өспүрүмдөрдүн урушунан улам бир өспүрүм денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. Уруштун уюштуруучулары аныкталып камакка алынды. Бул тууралуу Каракол ШИИБинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 00:05 чамасында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан Каракол шаарынын 2004-жылы туулган тургуну денесинен алган жаракаты менен түшкөндүгү боюнча билдирүү келген.
Тергөө-ыкчам тобу тарабынан күбөлөр суралып, 9-апрелде жабырлануучу достору (5 бала) менен Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында ойношкон. Бул учурда аларга Макеш аттуу бала тааныштары менен барып, жабырлануучуну чакырган. Жабырлануучу аларга жакындаганда балдардын бири аны башка таш менен уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучунун достору аны облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткиришкен.
Бул факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле жабырлануучуга алган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шаардык милицияга 8 өспүрүм, өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү менен чакырылып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча сурак жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы уруштун уюштуруучулары аныкталды. Алар Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургундары 16 жаштагы жана 15 жаштагы өспүрүмдөр болуп чыгышты.
Аталган өспүрүмдөргө карата мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Жазык процессуалдык кодексинин 233-235 (Шектенүү жөнүндө кабарлама, Шектенүү жөнүндө кабарлоонун мазмуну, шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу тартиби) беренелеринин негизинде кылмышка шектүү жөнүндө маалымат берилип, ошол эле кодекстин 98-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 24 саатка киргизилди.
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.