Орусияда алдамчылыкка, карактоого шектелип жана алимент төлөбөй издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды

Орусияда алдамчылыкка, карактоого шектелгендер жана алимент төлөбөй издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укукка каршы аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштерди улантып жатат.

"Чүй облусунун 1990-жылы туулган тургуну Э.О. кармалды. Ал "алдын ала макулдашып алуу менен жасалган каракчылык" беренеси менен 2021-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Шектүүгө Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү издөө жарыялаган. 2011-жылы шектүү өзүнүн тааныштары менен каракчылык жасаган. Анда ал Сокулук районунда түн ичинде үйгө кирип, үй ээлерин сабап, аларды коркутуп 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган.

Ал эми аял киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси менен шектелип издөөдө жүргөн. 2016-жылдан баштап мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Андан сырткары Талас облусунун 1979-жылы туулган тургуну М.Э. кармалган. Ал 2020-жылдын декабрь айынан баштап Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алимент төлөбөгөнү үчүн издөөдө жүргөн. Кармалган жарандарды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилип жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JaneEr
2021-04-14 10:05:27
2018 ден бери алимент бербейт,издебей жататго сотко берсем?Булар молодец тааптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан