Токмокто түн ичинде мекеменин терезесин сындырып кирип акча, телефон, ноутбук уурдаганга шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынын аягында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1970-жылы туулган Т.В. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 29-мартына караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелердин бирине белгисиз адамдар терезесин сындырып кирип, арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкен.

Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1999-жылы туулган И.Р. жана 1982-жылы туулган Ч.Э. аттуу жарандар кармалган. Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан