Буга чейин 11-апрелде социалдык тармактарда Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кызды сабап жаткан видео тарап, ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Анда милицияга Кустанайский жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран өзүнүн аялын сабагандыгы белгилүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан ал 11-июнга чейин №21 түзөтүү абагына камакка алынганын билдиришти.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 13-апрелиндеги токтомуна ылайык, шектүү жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары 11-июнга чейин камакка алуу түрү тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп билдиришти соттун маалымат кызматынан.