Кечээ, 13-апрелде Баткен облусунун Базар-Башы кварталынын Айхан Закир кызы аттуу тургуну дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Ал 12-апрель күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эместиги айтылган.
Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, аталган 22 жаштагы келин кечээ, 13-апрелде кечке маал табылган.
"Баткен РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Айхан Закир кызы 13-апрель күнү кечке жуук Баткен шаарынан табылды. Анын ден соолугу жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кайда жана эмне кылып жүргөнү тергөөдө аныкталат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.