УКМКнын контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кечээ, 13-апрелде Баткен районунун Кызыл-Жол айылынан (болжол менен Пакистан өлкөсүнөн келген) 3 тоннадан ашык лимон жана 5 тоннадан ашык мандарин жүктөлгөн Лейлек районунун тургундары Э.И.С., У.Б.О. жана Р.у.К. аттуу адамдардын башкаруусундагы 3 Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтотулган.
Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алынган жүк коңшу өлкө аркылуу чек ара жана бажы постторун айланып өтүп, каттоосуз жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргендиги аныкталган.
"Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды алуу боюнча актылар түзүлүп, токтотулган унаалар бажы терминалына жеткирилди.
Учурда бажы органдары товарлардын чыккан өлкөсүн, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарынын көлөмүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси ("экономикалык контрабанда") боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында продукцияны мыйзамсыз ташуу менен алектенген адамдар контрабандалык жүктөрдү чакан партиялар менен экспорттой башташкан", - деп айтылат маалыматта.