Бишкекте Болот Миңжылкиев атындагы фестивалга Орусия, Түркия жана Украинанын артисттери катышат

Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 21-апрелден 25-апрелге чейин Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу опера жана балет театрынын расмий сайтында айтылат.

Маалым болгондой, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Кыргыз өлкөсүнүн опера жылдыздары катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланары айтылды.

Фестиваль 21-апрелде Жузеппе Вердинин "Аида" чыгармасы менен ачылат. 23-апрелде чоң гала-концерт коюлуп, анда операнын күйөрмандары фестивалдын бардык катышуучулары менен жолугушат. Концертте чет элдик, орус жана улуттук классиктердин чыгармалары аткарылат.

Фестивалда дирижёрдук кызматты Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов аркалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан