Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалгандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан расмий тастыкташты.
"Мамлекеттик чыккынчылыкка шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев" дешти мекемеден.
Белгилүү болгондой, кечээ, 13-апрелде ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы менен мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган.
УКМК бул кылмышты жасагандыгы үчүн кармалгандарды 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеген.