Германиянын лигаларынын биринин футболчусу Николай Давыдов футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына ойноого уруксат алды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйын учурунда айтты.
"Анын атасы улуттук курамада ойногон. Николай өзү Германияда бешинчи лигада ойнойт. Бирок азыр ал жакта ойноого мүмкүн эмес. Давыдов бардык машыгуулардан өткөн, биз ага ишенебиз, ал келечеги бар жигит", - деди Крестинин.
Анын айтымында, Давыдов паспорт жана ФИФА уюмунан Кыргыз улуттук курамасына ойноого уруксат алган. Давыдов 23 жашта.
Мындан тышкары Александр Крестинин ар кандай футболчулар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок бардыгынын эле Кыргыз жарандыгын алууга мүмкүнчүлүгү болбой жатат.