Чемпиондор Лигасы: "ПСЖ" жана "Челси" утулганына карабай жарым финалга чыкты (жыйынтыктар+видео)

Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын биринчи жооптук оюндары өттү.

Анда Франциянын белгилүү "ПСЖ" командасы өз үйүндө Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону болгон "Бавария" клубун кабыл алды. Оюндун 40-мүнөтүндө "Бавариянын" чабуулчусу Эрик Шупо-Мотинг эсеп санын ачты. Оюндун калган убактысында эсеп саны өзгөргөн жок. Эки оюндун жыйынтыгы боюнча жалпы эсеп 3:3 болуп, "ПСЖ" конокто көп гол киргизгендиги үчүн жарым финалга жолдомо алды.

Эми франциялык команда жарым финалда бүгүн, 14-апрель түнү боло турган "Манчестер Сити" - "Боруссия Дортмунд" беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

"ПСЖ" - "Бавария" (0:1);

Голдор: Эрик Шупо-Мотинг (40-м).

Бул түндөгү экинчи жупта Англиянын "Челси" командасы Севилья шаарында Португалиянын "Порту" командасын кабыл алып, оюн 0:1 эсебинде португалиялык команданын жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө оюн теңме-тең болду. Мезгил-мезгили менен командалар кооптуу учурларды жаратып, бирок голго айланта алышкан жок. Беттештеги жалгыз голду 90+4 мүнөттө "Портунун" ирандык чабуулчу Мехди Тареми киргизди. Эки оюндун жыйынтыгы боюнча жалпы эсеп 2:1 болуп, лондондук команда татыктуу түрдө жарым финалга чыкты.

Эми "Челси" командасы жарым финалда бүгүн, 14-апрель түнү боло турган "Ливерпуль" - "Реал Мадрид" беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

"Челси" - "Порту" (0:1);

Голдор: Мехди Тареми (90+4м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан