Ош шаарында адам уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү ички иштер органдарына адам уурдоо жөнүндө арыз түшкөн. Анда 10-апрель күнү болжол менен 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам аял кишини чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берене "адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Унаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кетип коркутушканы маалым болгон. Адамдар жок талаада аны күч колдонобуз деп коркутушкан.
Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, болжол менен саат 20:00дө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде шектүү катары Алай районунун 1983-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы Mitsubishi унаасы токтотулган. Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар дагы Кара-Кулжа районунун 1978-жылы туулган тургуну жана Алай районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалган. Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет. Учурда иликтөө уланып жатат", - деп жазылат билдирүүдө.