Рамазан айынын аягына чейин MegaCom компаниясы абоненттерге 00:00дөн 08:00гө чейин жогорку ылдамдыктагы "Чектөөсүз түн" тарифтик опциясын жеткиликтүү кылат. Ошондой эле түйүн ичинде акысыз чалууларды жүргүзүп, SMS жиберүү мүмкүнчүлүгү да бар.
Акция 13-апрелден 12-майга чейин бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү болот (анын ичинде бул опцияны мурдатан колдонуп келген абоненттер үчүн дагы).
"Чектөөсүз түн" тарифтик опциясын *091*1# USSD-буйруусун терип кошуп алууга болот. Эске сала кетсек, Орозо айы бул жылы 13-апрелде башталып, ыйык Рамазан айы старт алды.
*2021-жылдын 13-майынан баштап "Чектөөсүз түн" тарифтик опциясынын абоненттик төлөмүнүн наркы мурдагыдай эле күнүнө 5 сомду түзмөкчү.