Бүгүн, 14-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Турнирге 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Амантур Исмаилов жарым финалга чейин жетип, анда Казакстандын күчтүү делинген балбандарынын бири, "Лондон-2012" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Алмат Кебиспаев менен кез келди.
Беттештин биринчи бөлүгүндө казак балбаны 4 упай алып алдыга чыкты. Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны 1 упай алып, жыйынтыгында жалпы эсеп 4:1 болуп, кыргыз балбаны жеңилүү ызасын тартып калды.
Амантур Исмаилов быйылкы өлкө чемпиондугунда 67 килограмм салмакта финалга чейин жетип, анда Марлен Асикеевге 7:6 эсебинде утулуп калган.