Нурсултан Кеңешбеков эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди

Нурсултан Кеңешбеков эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков 11-12-апрель күндөрү Иранда өткөн Али Бангбанбашинин элесине арналган Имам Реза 1-Кубогунда ийгилик көрсөттү. Спортчу 10 000 метр аралыкта 32:12.01 көрсөткүчү менен алтын медаль тагынса, 5000 метр аралыкта 14:37.98 көрсөткүчү менен коло медалдын ээси болду.
Ошондой эле аталган мелдешке Мусулман Жоломанов, Тимур Исаков, Сүймөнкул Расул уулу, Жусуп Сулайман уулу катышты.
Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан