"Дал ушул Алматыдан алтын уткан". Руслан Царев Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Бүгүн, 14-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.

Турнирге 72 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Руслан Царев турнирдин финалына чыкты. Жарым финалда ал ирандык балбандын үстүнөн 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал финалда 2 жолу Азия, 3 жолу дүйнө чемпиондугун жеңген жана "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Рю Хансу аттуу түштүк кореялык балбан менен кез келет.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Руслан Царев эң алгачкы титулун так ушул Алматы шаарында 2014-жылы Азия чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан