Бүгүн, 14-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Турнирге 82 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Калидин Асыкеев Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Кыргыз балбаны жарым финалда жергиликтүү балбан менен кез келип, каршылашынын үстүнөн 7:3 эсебинде жеңди. Эми кыргыз балбаны финалда өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратов менен кез келет.
Калидин Асыкеев быйылкы өлкө чемпиондугунда 82 килограмм салмакта чемпион аталган.