Баткен облусунда үйүндө курал-жарак сактап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз курал сактап, аны мыйзамсыз түрдө сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Баткен ОИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө аракеттеринин негизинде 58 жаштагы жаран эч кандай тиешелүү документтери жок, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу ок атуучу куралын, ИЖ-56 “Белка” эки стволдуу ок атуучу куралын, беш даана 28 калибрдүү гильзалары жана бир даана аңчылык бычагын саткандыгы аныкталган.
Үйүнө тинтүү иштерин жүргүзүүдө ТОЗ-8 үлгүсүндөгү үстүндө оптикасы бар сайлуу ок атуучу курал, бир даана ВЗ-1 үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы жана 6 даана 7,62х39 үлгүсүндөгү октору далил буюм катары алынган.
Териштирүү иштеринде шектүү катары эки жаран кармалган. Жалпысынан далил буюм катары 6 даана ок атуучу курал, 42 даана ок жана 1 даана аңчылык бычагы алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.