Бүгүн, 14-апрелден 15-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын жооптук оюндары өтөт. Бүгүнкү оюнда 1/4 финалга чыккан 4 команда кез келет.
Оюндардын тизмеси: "Ливерпуль" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания);
"Энфилд" стадиону (Ливерпуль шаары, Англия);
Башкы калыс: Бьорн Кёйперс (Нидерланды).
Бул эки команданын алгачкы беттеши 7-апрелде Мадрид шаарында өтүп, 3:1 эсебинде "Реал Мадрид" командасынын жеңиши менен аяктаган.
"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Манчестер Сити" (Англия);
"Сигнал Идуна Парк" стадиону (Дортмунд шаары, Германия);
Башкы калыс: Карлос дель Серро Гранде (Испания).
Бул эки команданын алгачкы беттеши 7-апрелде Манчестер шаарында өтүп, 1:2 эсебинде "Манчестер Сити" командасынын жеңиши менен аяктаган.
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.