Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter менен жүк ташыган унаа сүзүшүп, 7 адам жабыркады

Бүгүн, 14-апрель күнү болжол менен күндүзгү саат 14:00 чамасында Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.
Жерине Ысык-Ата райондук №27 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.
Жабыркаган жарандардын абалдары орто.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kona8631
2021-04-14 16:57:38
Маршрутники топят везде
0
bessmertiy
2021-04-14 21:45:10
Спринтер ЗИЛдин артынан барып сүзүп алган окшойт. Алдынан сүзгөндө былчыйып эки бүктөлүп калмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан