SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Ал кайрылуусунда Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районундагы көчөлөрдө электр жарыгы бир аптадан бери өчүрүлүп жатканын айткан.
Жогорудагы кайрылууга жооп алуу максатында "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматына байланышканыбызда, аталган райондогу көмөкчү чордондо оңдоо иштери жүрүп жатканын айтышып, бирок электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабай турганын билдиришти.
"Ош электр" ишканасынын электр куроочулары 35 кВ "Ош-1" көмөкчү чордонунда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Көмөкчү чордондун өчүргүчтөрүнүн майларын алмаштыруу, сырдоо жумуштарын, релелик схемасындагы эскилиги жеткен зымдарды алмаштыруу, автоматикасын оңдоо, көмөкчү чордондогу диспетчердик аталыштарды жаңылоо жумуштарын аткарышууда. Аталган көмөкчү чордон Ош шаарынын Манас-Ата кичи районун электр энергия менен камсыз кылат. Оңдоо жумуштары дагы уланат, көмөкчү чордондо (подстанцияда) бирок электр энергияны өчүрбөйбүз", - деп билдиришти тийиштүү мекемеден.