"Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси бул жолу Баткен жергесинде өткөрүлдү. Бул тууралуу "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Эрлан Смайыл уулу билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чарага 700гө жакын окурман катышты. Аталган саамалык китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда бүйүр кызыткан программалар менен коштолду.
"Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси бул жолу байманалуу Баткен жергесинде өткөрүлдү.
Баткен шаарындагы эң чоң ресторандардын биринде 700гө жакын окурман, китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда бүйүр кызыткан программалар менен коштолду. Иш-чаранын алкагында беделдүү инсандардын насаат сабактары, көркөм ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр менен өзгөчө болду.
Саамалыкка атайын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, бир нече китептердин автору Мамбетасан Ибраев, жазуучу Куштарбек Кимсанов, коомдук ишмер, жазуучу экс-министр Нуржигит Кадырбеков жана бир катар сыйлуу инсандар чакырылган.
Келген меймандар руханий-интеллектуалдык сабак алып, жан дүйнөгө азык алып кетишти. Баткен облусунун ар кайсы аймактарынан окуучу, мугалимдер жана окурмандар келип күбө болушту. Келген меймандар китеп жарманкесине катышып жаңы басмадан чыккан китептерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту", - деп билдирди Эрлан Смайыл уулу.
"Китеп Той" долбоорунун максаты - маданий-интеллектуалдык багытта жүрүп, акын-жазуучулардын чыгармачылыгын колдоого, өлкөбүздүн агартуу тармагын өнүктүрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга, жаштардын билимге болгон потенциалын жогорулатууга, ошондой эле учурдагы ашыкча ысырапкорчулук, кайталанма оюндар, жосунсуз жоруктар менен өтүп жаткан тойлордун форматын агартуу багытына бурууга багытталат.
Эске салсак, буга чейин аталган долбоор Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.