MegaCom компаниясы Ыйык Рамазан жана Орозо айынын башталышы менен бардык мусулмандарды куттуктап, битир-садага, жетим балдар үчүн зекетти MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу оңой которуу мүмкүн экендигин кабарлайт.
Рамазан айында жарандардын Орозо туткан жана тутпаганынан көз карандысыз, мүмкүнчүлүгүнө жараша битир-садага берүүсү сунушталат жана чогулган каражаттын баары Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Тиркеме аркылуу битир-садаганы кантип төксө болот?
Даяр! Битир-садаганы өзүңүз, жакындарыңыз, үй-бүлөңүз, ошондой эле бул ишти жасоого мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз.
MegaCom уюлдук оператору баарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк жыргалчылык жана ар бир үйгө жылуулук каалайт.