Бүгүн, 14-апрелде Түркия, Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргыз Республикасынын улуттук футбол ассоциациялары кызматташуу боюнча көп тараптуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, меморандумга кол коюу онлайн-режимде өттү. Жолугушууну Түркия футбол федерациясынын президенти Нихат Өздемир ачып берди. Кыргыз футболдук союзунун атынан президент Канатбек Маматов катышты.
Ошондой эле аталган иш-чарада Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Азербайжан футбол федерациялар ассоциацияларынын президенти Ровнаг Абдуллаев, Венгрия футбол федерациясынын президенти Шандор Чаньи, Түркмөнстан футбол федерациясынын президенти Арслан Айназаров, Өзбекстан футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти Равшан Ирматов жана Казакстан футбол федерациясынын башкы катчысы Азамат Айтхожин катышты.
"Түркия футбол федерациясын тарыхый келишимге кол коюуну уюштургандыгы үчүн баса белгилеп ыраазычылык билдирем. Бул келишимге кол коюу үчүн бир канча айлар, бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз футболдук союзу тарабынан меморандумга жазылган шарттар толугу менен аткарылып, өлкөлөр арасында байланышты күчөтүп, кызматташуубузду активдештирет деп ишенем.
Аталган меморандум ар бир өлкөнүн футболдук ассоциациялары үчүн футболду өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк", – деп белгиледи Канатбек Маматов.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн меморандуму ассоциациялар ортосундагы футболдук кызматташууну активдештирүүгө арналган. Футболдук ассоциациялар машыктыруучуларды окутуу, калыстар менен алмашуу жана аларды окутуу, ошондой эле өлкөлөр арасындагы ар кандай курактагы улуттук курама командалар менен жолдоштук беттештерди уюштуруу жана Түрк кеңешинин Кубогун өткөрүү боюнча сүйлөшүштү.