Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарындагы мектептерге 100 миңден ашык окуучу салттуу режимде окууну улантышууда. Алар 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 1 377 ата-эне балдарын онлайн окутуу үчүн арыз жазышты. Ошондой эле №13, №28, №52 мектептер дистанциялык окутууну улантууда.
"COVID-19 жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан бардык профилактикалык иш-чараларга карабастан коронавирус менен ооруган учурлар Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында катталып жатат. 9-апрелге карата 22 окуучудан жана 16 мугалимден коронавирус илдети аныкталган.
Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын көрсөтмөсүнө ылайык, 7 мектепте 11-класстын окуучулары онлайн билим берүүгө өттү", - деп жазылат маалыматта.