Бүгүн, 15-апрелге карата республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 305 жарандан аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бир суткада ооруну жуктургандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды.
Бишкек шаары – 186;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 89;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 2.
Өлкө боюнча жабыркагандардын жалпы саны 91 миң 144 болду.
Ал эми акыркы сутка ичинде 178 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 109;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 55;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 1.
Жалпы айыккандардын саны 86 миң 491ге жетти.