Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясий серепчи Марат Казакпаев 2 айга камакка алынды

Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясий серепчи Марат Казакпаев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 14-апрелде аталган райондук сот чыгарган.

"Казакпаев 14-июнга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды. Ошондой эле дагы бир кармалган жаран Т.М. дагы эки айга камакка алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-15 10:23:11
Ташиевти сындаган журналисттер, эксперттер мындан ары мам-к чыккынчылыка шектеле берет турбайбы. Мунун аягы Сталиндик репрессияны эске салып жатат. Бийлике сын ой пикир айткандарга бийлик тараптан жалаа жабуу өтө коркунучтуу, Эн жаманы жалган жалаа жапкан бийлик жана ага ишенген коом. Жалаа жабуудан дагы коркунучтуу курал бар: бул - чындык.
Менимче журналисттер муну ачык айтыш керек. Бийликтин Жалган жалаасы эски көмүргө окшош: ал күйбөйт, бирок айлананы тез булгайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан