Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана чеберлер арасында армрестлинг боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
13-14-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана чеберлер арасында армрестлинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү.
Чемпиондукка республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300гө жакын спортчу катышты.
60 килограммга чейинки салмак ченинде
1-орун – Калысбек уулу Элдар
2-орун – Салиев Исхак
3-орун – Абдыкадыров Жаныбек
70 килограммга чейинки салмак ченинде
1-орун– Апитаев Автандил
2-орун – Абдыкадыров Жаныбек
3-орун – Абдыжапаров Канатбек
80 килограммга чейинки салмак ченинде
1-орун – Карабек уулу Талгат
2-орун – Шералиев Омурбек
3-орун – Тыныстанов Медер