ИИМдин криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөлүк жаранга каракчылык менен кол салган адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине Кытай жараны арыз менен кайрылып, кылмыш жасоого тиешеси бар белгисиз жарандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган.
"2020-жылдын 11-октябрь күнү Бишкекте үч адам Кытай жараны жашаган үйгө кирип келишкен. Турак жайга кирип, ал жакта жашагандарды сабап, ири өлчөмдөгү акча каражатын жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Ысык-Атадан Чүй облусунун 28 жаштагы тургунун кармашкан. Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун жакын тууганы.