Спорт жана жаштарды иш менен камсыз кылуу – долбоор идеялар сынагы жарыяланат

Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) ишке ашырып жаткан "Жаштар үчүн жаркын келечек" кыргыз-герман долбоору Спорт жана жаштарды иш менен камсыз кылуу – долбоор идеялар сынагын жарыялайт.
Сынактын максаты – жергиликтүү деңгээлдеги өнөктөш бейөкмөт жаштар уюмдарына жаштарды жумушка орноштуруу аркылуу спортту жайылтуу боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, кеңеш берүү жана өнөктөштүк колдоо көрсөтүү.
Сынактын катышуучуларына талаптар:
• Сынакка төмөнкү муниципалитеттерден катталган жаштар уюмдары катыша алышат:
Чүй облусу: Орловка шаары, Маевка, Новопокровка, Красная речка айыл өкмөтү.
Нарын облусу: Нарын шаары, Баетов, Ак-тал, Ак-Моюн, Миң-Куш айыл өкмөтү. Талас облусу: Талас шаары, Шекер, Үч-Коргон, Ак-Дөбө, Арал айыл өкмөтү.
Ысык-Көл облусу: Каракол шаары, Балыкчы шаары, Күн-Чыгыш, Теплоключенка, Түп, Боз-Учук.
• "Жаштар үчүн жаркын келечек" долбоору тарабынан уюштурулган "Спорт жана жаштарды иш менен камсыз кылуу" семинарына катышуу (төмөндөгү таблицаны караңыз).
Долбоорлорго талаптар:
• Долбоорлор грант аяктаганда туруктуулукту жана андан аркы өз алдынча ишти (башка ресурстарды пайдалануу менен) көрсөтүшү керек;
• Бир катталган жаштар коомдук уюму долбоорду ишке ашыруу үчүн чексиз санда табыштама бере алат;
• Долбоорду ишке ашыруу үчүн башка кызыкдар тараптар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу;
• Гендердик теңчилик маселелерин карап чыгуу;
• Долбоордун темасы спорттук сектордо же спортко байланыштуу экономикада жаштарды жумушка орноштурууга көмөктөшүшү керек;
• Долбоордун бюджети 3500 евродон ашпашы керек.
Сынак төрт этапта өткөрүлөт:
1-этап – 2021-жылдын 19-апрелинде саат 10:00дөн 14:00гө чейин тыныгуу менен өткөрүлө турган бардык өнөктөш муниципалитеттер үчүн "Спорт жана жаштарды иш менен камсыз кылуу" темасында онлайн семинарга катышуу. Онлайн семинарга шилтеме.
2-этап – Нарын, Талас, Каракол жана Бишкек шаарларында бир күндүк оффлайн семинарга катышуу:
Ысык-Көл облусу, 21-апрель 2021-жылы, саат 10:00-13:00, Каракол шаары
Нарын облусу, 23-апрель 2021-жылы., саат 10:00-13:00, Нарын шаары
Талас облусу, 26-апрель 2021-жылы, саат 15:00-18:00, Талас шаары
Чүй облусу, 23-апрель 2021-жылы, саат 10:00-13:00, Бишкек шаары
3 этап – долбоордун идеяларын 2021-жылдын 1-майында саат 17:00гө чейин youth-kg@giz.de электрондук дарегине жөнөтүү.
4 этап – долбоордук идеялардын алдын ала тандоосунан өткөн учурда, толук кандуу долбоорго табыштамалар берүү 2021-жылдын 24-май күнү саат 17:00гө чейин youth-kg@giz.de электрондук дарегине жөнөтүү.
Табыштамалар кабыл алынат:
• Электрондук форматта Youth-kg@giz.de дарегине «Жаштардын келечеги» деп белгиленип, көчмө документ файлдарында (.pdf) же MS Word форматында;
• Долбоордун ар бир сунушу өзүнчө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;
• Уюмдун катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү тиркөө керек;
• Толтурулган анкеталарга жаштар коомдук уюмунун жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы кол коюп, ошондой эле жаштар коомдук уюмунун мөөрү менен ырасталышы керек;
• Долбоордун идеяларын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-майында саат 17:00до аяктайт;
• Табыштама жана электрондук брошюралар шилтеме аркылуу көчүрсөңүздөр болот:
Кошумча суроолоруңуз болсо, meerim.akmatalieva@giz.de электрондук дареги аркылуу байланыша аласыз же +996 775 775 008 номерине чалсаңыз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан