Күрөш: "Кыздары кыйын кыргыздын". Үч кыргыз балбан кыз Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Бүгүн, 15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Мелдешке 59 килограмм салмакта катышкан Нураида Анаркулова өзбекстандык балбанды 2:5 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кыргыз балбанын атаандашы килемге чыкпагандыгына байланыштуу Нураида Анаркулова жарым финалга чыкты.

Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө өзбекстандык балбан кызды 11:1, кийинки жүрүшүндө казакстандык Анастассия Панассовичти 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Ал эми Азия чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгач эле казакстандык Элмира Сыздыкова менен кез келип, аны 6:1 эсебинде жеңди. Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбан кызы монголиялык Загардулам Наигалсуренди 1:4 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elgul4
2021-04-16 01:17:24
Кандай сонун, ийгилик каалайбыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан