Куудул Борончу Кудайбергенов кызматка дайындалды

Куудул Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө кеңешчи болуп дайындалды. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалган. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешет", - деди маалымат катчы.

Буга чейин Пригородное айылында 30-35тей аял насыялары жоюлсун деген талап менен айыл өкмөттүн администрациясына чогулган. Нааразычылык акциясын уюштурган аялдарга жолугушууга келген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жанында куудул Борончу Кудайбергеновдун жүргөнү социалдык тармактарда суроолорду жараткан.

Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө кеңешчи болуп дайындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Suzak12
2021-04-15 13:29:03
Оо Борончу акага кун тийгенго молодец куттуктайм.
+9
Dembele84
2021-04-15 15:02:52
Борончу
+6
munduz2016
2021-04-16 11:25:13
Кут болсун Боке)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан