Англиянын Ливерпуль шаарында "Энфилд" стадионуна бара жаткан Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары отурган автобуска "Ливерпуль" футболдук клубунун күйөрмандары тараптан кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күйөрмандар футболчулар отурган автобустун терезесин таш, бөтөлкө менен чаап сындырып салышкан. Терезенин жанында испаниялык клубдун машыктыруучуларынын бири отурганы белгилүү болду.
Бул окуяга "Ливерпуль" футболдук клубу дароо реакция кылган. “Биз "Реал Мадрид" клубунун автобусу "Энфилд" стадионуна келген учурда кол салгандарды айыптайбыз. Бул бир нече адамдын таптакыр жол берилгис жана уят жүрүм-туруму. Келтирилген зыян үчүн конокторубуздан чын жүрөктөн кечирим сурайбыз", - деп билдирүү жасаган "Ливерпуль" футболдук клубу.
Бүгүн, 15-апрель күнү түндө өткөн "Ливерпуль" - "Реал Мадрид" беттеши 0:0 эсебинде аяктап, испаниялык клуб жарым финалга жолдомо алган.