Куудул Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевге кеңешчи болуп дайындалганын кабарлаганбыз. Куудул мамлекеттик кызмат кыйын экенин айтып, кызматка кантип дайындалып калганын төмөндөгүчө түшүндүрдү.
"Эркин Тентишев экөөбүз көп жылдан бери доспуз. Ал 10-15 жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап, элге жардам берип келет. Мен ага жардам берип жүрөм. Бир ай болду Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Дос катары чогуу жүрүп, кеңешип жүрөбүз. Кызматка дайындалгандан кийин мени кеңешчи кылып алды. Эркин Тентишев жардам берип көнгөн киши да, көп маселени өзүнүн чөнтөгүнөн чечип жиберейин дейт. Бирок мыйзам көп учурда каршы экен.
Мен жалпыга маалымдоо каражаттары менен да иштешем. Мамлекеттик жумушта иштеген кыйын экен", - деди ал.
Буга чейин Пригородное айылында 30-35тей аял насыялары жоюлсун деген талап менен айыл өкмөттүн администрациясына чогулган. Нааразычылык акциясын уюштурган аялдарга жолугушууга келген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жанында куудул Борончу Кудайбергеновдун жүргөнү социалдык тармактарда суроолорду жараткан.