"Бир жолу эң көп тапкан 12 миң доллар гонорарды пайдалуу ишке колдонуп калбаптырмын" дейт куудул Жакут Сыдыков

Тамашалуу ырларды ырдап, куудулдук өнөрү менен көпчүлүктү күлдүрүп жүргөн Жакут Сыдыковду билбеген адам болбосо керек. Ал SUPER.KG порталынын кезектеги коногу болуп, жашоосундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

"Бир кездерде шайлоого катышкан партиялардын бирин колдоп, жашоомдогу эң көп акча тапкам. 12 миң доллар гонорар болсо, ошону да бир кармап көргөн жокмун, улам бөлүп алгам. Акча көрбөй жүрүп, бир чоң акча кармаганда бай кишидей жашагым келди. Жубайым өзүнчө эле Анжелика (күлүп). Күн сайын акча алмаштырган жайга барып 100 доллардан алмаштырып телевизордон эмне чыкса алып жеп, кийинип салганбыз. Ошентип ал акчаны пайдалуу ишке колдонбоптурмун. Бир эле 2 миң долларга музыкалык аппаратура алгам. Азыркыга чейин иштейт. 30-40 миң сомго дарбаза жасаткам. Аны көрүп эле элдер ойлошот бул дарбазанын артында укмуш үй бар деп. Чынын айтсам, ал дарбазаны ачсаң эки бөлмө (времянка) эле. Интернеттен мени колунда бар адам деп ойлоп жардам сурагандар көп. Негизинен пандемия учурунда балдарымды бакканга үйдө эч нерсе жоктугунан мен деле жардам алгам. Сыймык Бейшекеев жакыр жашагандарга азык-түлүк таратып жүргөндө менин үй-бүлөм дагы алып калганбыз", - дейт куудул.

Толугу менен видеодон көрүңүз.

“Жубайым бул маекти көрүп, үйгө барганда мени урушушу мумкүн” дейт Жакут Сыдыков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2021-04-15 21:50:51
анан эмне мактанып атасын
-5
Noon
2021-04-16 10:12:54
Мактанган жок, тапкан акчаңарды пайдалуу жумшагыла деген морал айтылып жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан