Бишкек шаарында 3 айдын ичинде 785 кылмыштар жана жоруктар аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызматында 1-чейректи жыйынтыктоо боюнча кеңешме болуп өттү. Ага аталган башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана полктун командири Канат Жумаев жана башка бөлүм башчылары, рота командирлери катышты.
Кеңешмеде кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде 785 кылмыштар жана жоруктар аныкталып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.
Алардын ичинен:
1) Адам өлтүрүү - 3;
2) Каракчылык - 4;
3) Тоноо - 22;
4) Уурдоо - 56;
5) Бейбаштык - 329;
6) Зордуктоо -19;
7) Денеге залал келтирүү - 19;
8) Алдамчылык - 19;
9) Баңгизат - 1;
10) Үй-бүлөлүк зомбулук - 249;
11) Башка кылмыш жана жоруктар - 51.
"Ал эми катталган жол кырсыктары боюнча Бишкек шаарынын аймагында 3 айдын ичинде 614 жол кырсыгы катталып, 780 жаран жабыркап, 14 жаран каза болгон. Жалпысынан жол кырсыгынан өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу жаракат алгандардын саны 3 адамга, ал эми каза болгондордун саны 11 жаранга азайгандыгы байкалган", - деп жазылат билдирүүдө.