Садыр Жапаров: "Биздин дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болуп, кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого жана коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалары менен тезинен ооруканаларга кайрылууга чакырды.

Мамлекет башчысынын жарандарга кайрылуусу:

"Урматтуу кыргыз эли!

Өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн мен Ковид-19 илдети менен ооруп жаткан бейтаптар жаткырылган бир катар ооруканаларды кыдырып чыктым. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга, Токмок аймактык ооруканасына бардым.

Азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес десек болот. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандардан сурап чыктым, алар көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер, такыр болбой баратканда келип, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандар экен.

Ошондуктан сиздерге кайрылып кетерим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты.

Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот.

Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп мен толук ишенем. Кудай буюрса, баары жакшы болот", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Садыр Жапаров уу коргошун жөнүндө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bekulas
2021-04-15 19:37:56
Озунор баштап бергиле, анан эл алат.
+10
Almaz-pazilbaiuulu
2021-04-15 19:45:41
Вакцина өлтүрүп жатбайбы
+3
Chungyz
2021-04-15 20:09:49
Жакшы вакцина болсо алабыз кытайдыкы 30 40 пайыз зорго коргойт деп уктук
+3
Shabi
2021-04-15 20:36:05
Chungyz,кытай биздин ваксына биз ойлогондой эффективтуу болбой калды деп мойнуна алдып жатат деп ММК ларда журду эле го.
+3
Aimani
2021-04-15 20:43:28
Ылдый жакта журот го казакстанда вакцина алгандар кайра ооруп жатышат деп
+2
ruslan868600
2021-04-15 21:31:45
өзүнөн баштаса туура болобу эле...
+3
Arai92
2021-04-15 21:36:38
Вакцина албагыла зомьи болуп каласынар
+1
Arai92
2021-04-15 21:37:08
Зомби болуп каласынар
+1
Keln
2021-04-15 22:16:35
Вакцинаны дуйно жузу боюнча мамлекет башчылары оздору биринчи алып анан элге алгыла деп кайрылып ататко
+4
rysik79
2021-04-15 22:40:44
Өзүнөө, аяшкага,балдарына келин- кесек кудаларына, тууганчиктерине, жан досунун окружениесине сайдырып анаан бизге айтса болмок.
+4
Nemo_0587
2021-04-15 23:56:41
Вакцинаны лично мен албайм, үйбүлөмө дагы сайдырбайм. Жанынан кечкендер ала беришсин, келечегин ойлобогондор биринчи барып сайдырышат.
-4
Alia82
2021-04-16 10:21:18
Ал кандай ыкма экен 2-3 кундо сакайткан
0
bond0202
2021-04-16 10:34:36
Alia82,айтып койду да адатынча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан