Филиппин аралында 15-октябрь күнү күчү 7, 2 баллга жеткен жер титирөө катталып, натыйжада 156 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Ошондой эле 374 адам түрдүү жаракат алып, 22 адам изделүүдө. Жер титирөөдөн 605 имарат толугу менен кыйраганы жана бир эле жол инфраструктурасына келтирилген чыгым 1,73 миллион долларды түзгөнү айтылууда.