Гимн жаңырганда кубанычтан ыйлап... Мээрим Жуманазарова алтын медаль утту

Бүгүн, 15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан менен кез келип, алтын медалга ээ болду.

Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алды.

Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Ен Сун Жонг менен кез келип, атаандашынын үстүнөн таза жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы ушул эле шаарда 9-11-апрель күндөрү өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадага жолдомо уткан.

"Сүйүнүчтөн тамган көз жаш". Мээрим Жуманазарова Азии чемпиону аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
munduz2016
2021-04-15 21:23:24
Азамат,кут болсун сыйлык,Кыргыз элинин атын чыгарып журобер.
+6
portugalia
2021-04-15 21:59:07
Куттуктайбыз!!!
+5
Haanykeim
2021-04-15 23:38:27
Азаматсың..Балбан кыз..
+3
zhazgul98
2021-04-15 23:56:33
Жеңишиң менен чын жүрөгүмдөн куттуктагым келет! Сенин берилгендигиң, өжөрлүгүң жана тырышчаактыгың сага болуп көрбөгөндөй натыйжаларга жетүүгө, бардык рекорддорду жаңыртууга жана жеңиштер менен сыйлыктарды оңой эле алууга жардам берсин. Жана жашоодо дайыма келбетүү, сулуу болуп жүрө бер.
+1
akmanai
2021-04-16 10:31:21
Тренери азамат экен. Алтынга татыктуу кылып даярдаган. Айсулуу Тыныбекова экоонун тренери бир болуш керек ээ?
-1
samagankyzy
2021-04-16 18:53:48
Кандай гана сезимдер !!! Чон рахмат !!! Патриот атуулдарыбыз бар болсун!!! Чон рахмат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан