Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Таш-Дөбө айылында жайгашкан "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанында ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 22:57де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 19:58де Ленин райондук №28 өрт өчүрүү кызматынан 1 бөлүм тартылган.