Улуу Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш Таласта өтөт

Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

"3-майдан 9-майга чейин Улуу Жеңиш күнүнө карата арналган турнир, Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. 2-май күнү чүчү-кулак кармалат", - деп билдиришти аталган федерациядан.

Турнирге катышуучу командалар арыздарын 30-апрель күнү саат 17:30га чейин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына тапшыруусу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан