Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндары жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Япониянын башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын башкы катчысы Тосихиро Никаи билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Эгер бул оюндарды коопсуз өткөрүү мүмкүн болбосо, анда турнир жокко чыгарылышы керек. Эгерде инфекциянын жайылышына себепчи болсо, Олимпиаданын эмне кереги бар? Бул багытта биз чечим кабыл алышыбыз керек", - деген Никаи.
Былтыр өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары быйыл, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт.