Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
Бүгүнкү мелдешке 62 килограмм салмакта балбан Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан кыз менен кез келет. Ал эми турнирге 57 килограмм салмакта катышкан Назира Марсбек кызы алгачкы жүрүшүндө Батцецег Алтанцецег аттуу монголиялык балбан кыз менен күч сынашат.
Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.