Тамашалуу ырларды ырдап, куудулдук өнөрү менен көпчүлүктү күлдүрүп жүргөн Жакут Сыдыковду билбеген адам болбосо керек. Ал SUPER.KG порталынын кезектеги коногу болуп, жаңылыктары менен бөлүштү.
"Жакшы жаңылык 1-апрель күлкү күнүндө куудулдарга "Сейтек" маданий борборун тапшырышты. Жектекчиликке Күмөндөр Абылов агабызды туура көрүп жатабыз. Эми бул бизге чоң жаңылык десем болот. Концерттерге даярдануу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Буга чейин бизге окшогон "жапайы" артисттерде даярдануу үчүн атайын жай жок болчу. Талаада, үйдө, унаада эле тыгылып отуруп даярданчубуз. Бирок мен кыргыз артисттерине, тамашоучуларына, куудул жана актёрлоруна ыраазычылык билдирем, анткени Кыргыз Республикасы 30 жыл сазга батып турган кезде Тажикстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттерге тарттырып ийбей, өзүбүздүн элди маданият жактан тейлеп келе жатат", - деди ал.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.