Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунан акциздик маркасы жок 2 миң 910 таңгак тамеки табылды. Сокулук районунан лицензиясы жок алкоголдук продукция саткан дүкөндөн 760 бөтөлкө тартып алынды. Ишкердик субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен сатылган алкоголдук продукцияларды көргөндө жергиликтүү салык органына 116 номери же (0779) 61-31-89 (WhatsApp) номерине кайрылууга чакырат.