"Бишкек Парк" соода борборуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу кабар түшүп, ичиндеги адамдар сыртка чыгарылууда
Борбор шаардагы "Бишкек Парк" соода борборуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, ичиндеги адамдар сыртка чыгарылууда. Муну Бишкек ШИИББиден кабарлашты. Учурда имараттын ичинде сапёрлер иштешүүдө. Жарылуучу зат тууралуу ким кабар бергени учурда иликтенип жатат. ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнист Осмонбаевдин айтымында, ИИМге белгисиз бирөө саат 16:10до телефон чалып соода борборунда жарылуучу зат коюлганын кабарлаптыр.
"Бишкек-Паркка" коюлду деген “бомба” изделүүдө
Мындай ложный кабарлар эми Бишкек паркка өтүптүр да. Мурун тез-тез эле Бета-Стореске жардырылуучу зат коюлду деп кызматкерлеринин айласын кетире беришчү.
0
jooshbala
2013-10-18 02:06:03
Уурулар да ...
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.