Белгилүү орусиялык визажист жана блогер Гоар Аветисян Инстаграмдагы баракчасына окуучусунун кыргызча ырдап жаткан видеосун жүктөгөн. Визажист окуучусунун кыргыз экенин билдирген.
Видеодон көрүнүп тургандай, окуучусу Ашыраалы Айталиевдин айтылуу "Жылкычынын ыры" чыгармасын ырдап жатканын көрүүгө болот.
"Кыргыз өлкөсүнөн келген окуучумдан керемет ыр. Ал үч жыл мурун апасы каза болуп калганын айтты. Апасы кызынын мыкты визажист болушун каалаган экен", - деп жазган ал.