Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Эки балбан килем үстүнө чыккандан кийин калыстар жеңишти дароо эле Айсулуу Тыныбековага ыйгарышты.
Индиялык балбандын эмне себептен күрөшпөй койгондугу азырынча белгисиз. Айсулуу Тыныбекова кийинки жүрүшүндө казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келет.